Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 13.01.2018 14:04

Чаткалда лыжа жана чана тебүү боюнча мелдеш уюштурулду (фото)

Turmush -  Чаткал районунда лыжа жана чана тебүү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Чаткал районунун акими Канжар Эшалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 13-январда Чаткал районунун борборунда эски жаңы жыл майрамы белгиленип жатат. Анын алкагында лыжа жана чана тебүү боюнча мелдеш уюштурулду. Ар бир жарышка катышкан жарандарга акчалай белектер тапшырылып, мекеме-ишканалар арасында дагы мелдеш уюштурулду.

«Жалпысынан 15 миң сом акчалай сыйлык катышуучуларга берилди», - деди ал.

Чаткалда лыжа базасы 2017-жылы ачылган. Ага Каныш-Кыя айыл өкмөтү акча бөлүп, лыжаларды алып келген.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×