Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Фото - Кара-Көл шаарына заманбап стилдеги аялдамалар орнотулат

Turmush -  Кара-Көл шаарында аялдамалар заманбап стилде жасалат. Бул тууралуу №30 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Эдил Сейталиев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, жаңы заманбап дизайндагы аялдамалар шаардын окуучуларына арналат.

«Эски аялдамалар 1998-жылы кирпичтен курулган. Андан бери жыйырма жыл өттү. Ошол убакыттын ичинде аялдамалардын кээ бир жерлери бузулуп эскилиги жетти. Замандын ыргагына жараша, шаардын көркүнө көрк кошуу максатында жаңы дизайндагы аялдамаларды орнотуу үчүн шаардын мэри Ильяз Марсович менен кеңешип, макулдаштык. Учурда Ак-Кыя айылындагы аялдаманын жаңы жасалгасынын курулушун баштадык. Мында даяр каркастар тургузулууда. Башка дагы эки аялдаманын курулушу жаз мезгилинин март айына пландаштырылып, даяр каркастар менен орнотулат. Анын бирин Ч.Түлөбердиев атындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинин, экинчисин оорукананын тушуна орнотолу деп пландап жатабыз», - деди ал.

Э.Сейталиев Бишкек — Ош жолунун Кара-Көл шаарына караган тилкеси стратегиялык объект катары көзөмөлдөнөрүн кошумчалады.

«Бизге караштуу жол тилкеси кооптуу, татаал жолдорго кирет. Маселен, деңиз деңгээлинен 1380 метр бийиктиктеги Көк-Бел ашуусу жана шаардан Күрп-Сай ГЭСине чейинки аралык татаал жолдордун деңгээлине кирет. Жол жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоодо жайы-кышы иштеп, тазалоо, сырдоо, боё, актоо иштерин жасап келебиз. Күрп-Сай ГЭСине көп жумушчулар шаардан барып иштегендиктен, алардын жолдо жүрүү коопсуздугу да биздин ишке караштуу. Мындан сырткары жолдогу ажыратуу тилкесин чийүү иштерин аткардык. Жалпысынан 11 чакырымга чейин чийүү иши берилген. Анын 7 чакырымы Жазы-Кечүү айылынан шаарга чейинки аралык эл жашаган пункт катары белгиленип, чийүү иштери жүргүзүлдү. Мунун ичинде шаардык кеңештин депутаттарынын да суроо-талаптары бар болчу. Маселен, мектептердин айланасына өтүүчү жол белгилерин чийүү болчу. Жазы-Кечүү айылындагы, шаар ичиндеги мектептердин, институт, оорукананын жанына жөө жүргүнчү өтүүчү жол белгилери чийилди. Анткени биздин эң биринчи милдетибиз адам өмүрүн сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1637
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×