Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Шекерлик Иляс футболдон ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 27 жаштагы тургуну Сүйүнбай уулу Иляс 10-классынан бери Шекердин атынан футбол ойноп, райондук мелдештерде ийгиликтерди жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, мектепте окуп жүргөндө эле чуркоо, футбол боюнча мектептер арасындагы таймаштарда алдыңкы орундарга алып жүрчү.

«Мектепти аяктап калгандан кийин да бул спортко кызыгуумду токтоткон жокмун. Эң биринчи жалаң чуркоо боюнчо катышып жүрсөм, кийинчерээк футбол жагына кызыгып баштадым. 2014-жылы Шекерде чуркоо боюнча өткөн мелдешке катышып, 1-орунду алып, кубокко ээ болгом. 2015-2016-жылдары дагы катышып, биринчи даражадагы кубок менен сыйланып жүрдүм. Азыркы учурда «Шекер» курама командасы менен футбол ойноп жүрөм. Футбол ойногонума Улан Станбеков агайым түрткү болгон. Футбол боюнча Кара-Буура районунда айыл өкмөттөр арасында өткөн мелдеште курама командабыз 3-орунга ээ болгонбуз.

Айыл жергесинде ар кайсы жылы төрөлгөн жигиттер арасында кезек-кезек менен өткөрүлүүчү футболго дагы катышып, ийгиликтүү орундарга ээ болуп жүрөбүз. Келечекте футбол боюнча сырт жактарга да барып, ойносок деген пландар бар. Учурда футбол боюнча Бишкек шаарына ойнойсуңбу деген сунуштар болуп жатат», - деди ал.

Спортчу 2017-жылы үйлөнгөн, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 624
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 45 адам окуп жатат)
×