Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык А.Бообеков манасчылык, акындык, комузчулук өнөрлөрдүн ээси (фото)

Turmush -  Талас районунун 17 жаштагы тургуну Адилет Бообеков «Манас» айтып, комуз чертип жана ырларды жазып келет. Аймактык аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас агрардык экономикалык колледжинде 3-курста окуйт.

«2013-жылы 8-классымда Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин комуз ийримине киргем. Бул жылдар ичинде ар кандай ийгиликтерди жараттым. Ысык-Көл облусунда болуп өткөн «Ысык-Көл досторун чакырат» аттуу сынакта 1-орунду ээледим. 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарына катышып, 1000 комузчунун катарында «Маш ботой» күүсүн чертип келдим. Аны менен катар эле балдарга билим берүү борборуна 2011-2012-жылдары «Манас» ийримине бардым. Ар кандай коомдук иштерде «Манас» айттым. Андан тышкары 5-6-классымдан бери ыр жазам. Өзүмө таандык ырларым бар. Алдыда китеп чыгарууга далалатым күч», - деди ал.

Комузчу-манасы-акын буга катар эле кызыктуу окуяларын айтып берди.

«А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде отчёттук концертте өз алдымча комуз чертип жатып ,сахнага чыкканда толкундандымбы, айтор күүнүн 2 кайрыгын унутуп чертип кеткем. Нооруз майрамына карата өткөн концертте «Манас» айтуу керек болуп калды. Форма тиктирип беребиз деп, боюбузду ченеп кетишкен. Нооруз күнү тигилген кийимдерибизди карасак, өзүбүздөн аябай чоң экен. Ошол кийимибиз менен «Манас» айтканбыз», - деди ал.

Адилет 5 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 611
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×