Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Талас

Кайын эне: Анарбүбү апа убадасына туруп, кесиптешинин кызына кайын эне болду (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 65 жаштагы тургуну Шабдалиева Анарбүбү апа 3 келиндин кайын энеси. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кум-Арык айылында чоңойгон. Жолдошу Сыргак Шабдалиев менен 1972-жылы 6-февралда баш кошкон.

«Улуу келинимдин апасы менен тигүүчү болуп иштечүмүн. Бири-бирибизге кыз берип, келин алабыз деп сөз бергенбиз. Балам менен анын кызын тааныштырып баш коштурдук. Үйлөнүп 2 кыздуу болушту. Андан кийинки балам Мурат биз Кең-Кол тоосунда жашап жүргөндө кошуна үйдүн кызы менен таанышып, сүйлөшүп жүрүп үйлөндү. Азыркы учурда 4 балалуу болуп калышты.

Ал эми, кичүү балам Мурадил өзү таанышкан кызга үйлөндү. Азыр 1 уул 3 кыздуу болду. Азыркы учурда жолдошум экөөбүз келин балдарымдын ысык чайын ичип, небере жыттап калган учурубуз. Кызым жок болгондуктан келиндеримди кызымдай жакшы көрөм. Келиндерим менен чогуу биргеликте отуруп алып сүйлөшөбүз. Билбеген нерселерин үйрөтүп, айтып берем. Көпчүлүк учурда балдарыма караганда келиндериме көп болушам. Атасы болсо балдарым деп турат», - деди ал.

Анарбүбү апа 10 неберенин чоң энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1670
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×