Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Жалал-Абад

Эл ичи — өнөр кенчи: Коргоол акындын небереси Кадырбек ырчылык өнөрүн такшалтууда (фото)

Turmush -  Токтогул районунун 19 жаштагы тургуну Уланбек уулу Кадырбек чыгармачылык менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, айтылуу Коргоол акындын жээн небереси болот. Учурда И.Арабаев атындагы университетте окуйт.

«2008-жылы 4-классымда Жалал-Абаддагы №38 балдар музыкалык мектебинин хор ийрмине киргем. Бул жылдар ичинде бир топ ийгиликтерге жетиштим. Ош шаарындагы өткөн «Мен ырчы» сынагында катышып, 3-орунду алгам. 2017-жылы өткөн «Алтын үн» сынагында 2-орунду ээлегем. 2016-жылдан баштап тойлордо тамада болуп иштеп келем.

Бир жолу Бишкек шаарында «Ала-Тоо» аянтында концертте сахнага чыкканда элден толкундандымбы, айтор ырдын текстин унутуп башка ырга өтүп кеткем. Келечекте белгилүү ырчы болууну пландап жатам», - деди ал.

Кадырбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 484
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×