Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Ош

Барак анклавынан көчүп келген 50гө жакын үй-бүлө турак жай куруп жатышат

Turmush -  Өзбекстандын аймагындагы Барак анклавынан көчүрүлүп келген 150 үй-бүлө Кара-Суу районунун Беш-Үй конушуна жайгаштырылган. Учурда элүүдөй үй-бүлө турак жай куруп жатышат.

Буга чейин айыл аксакалдары таза суу көйгөйү толук чечилбей, каржысы бар даяр долбоор бүтпөй жаткандыгын айтып, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовго кайрылышкан. Абалды жеринен көрүп, маселени чечүү үчүн бүгүн, 12-январда облус башчысы тиешелүү кызматкерлер менен Беш-Үй конушуна барды. Жолугушууда ал тендерден уткан компанияга 1 жума убакыт берип, таза сууну элге үзгүлтүксүз берүү талабын койгон. Эгерде иш бүтпөсө тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө жүргүзүлөрүн эскертти. Ал эми, куруучу тарап берилген мөөнөттө элге суу берүүнү убадалады.

Ошондой эле, жергиликтүүлөр облус башчысынан Барак анклавына кирип-чыгууда чек арадагы убарагерчиликти жөнгө салууну өтүнүштү. Т.Сарыбашов бул багытта эки өлкө тарабынан түзүлгөн атайын комиссия иштеп жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1132
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×