Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көл районундагы 14 мектепте кесиптик билим берүү боюнча курстар ачылат

Turmush -  Ысык-Көл районунун 9 мектебинде кесиптик билим берүү боюнча курстар бар. Ага кошумча 14 мектепке да кесипке үйрөтүү курстарын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу облустук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шарипов билдирди.

Анын айтымында, кесиптик билим берүүнү облустун бардык мектептерине жайылтуу боюнча дагы иштер жүрүүдө.

«Мектепти аяктаган окуучулар рынок шартына даяр болуп, учур талабына жооп берген кесип менен турмушта өз ордун таап кетүүгө жардам берүү максатында ушундай курстар ачылып жатат. Мисалы, балдар чачтарач, ашпозчу, тикмечи сыяктуу кесиптерди алып чыгышат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 597
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×