Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    84.89    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылында 150 орундуу бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында 150 орундуу «Улан» бала бакчасы ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Аталган бала бакчанын имараты 1984-жылы курулган жана буга чейин мектептин бир имараты болуп келген. Айылда буга чейин бала бакча болбогондуктан бул маселе айыл тургундарынын негизги көйгөйү эле.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 12 млн сом бөлүнүп, эски эки кабаттуу имарат толугу менен оңдолуп, бардык шарттары менен бала бакча болуп ачылды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев бала бакчанын толук кандуу иштеши үчүн эмеректерди алууга көмөктөшөрүн билдирди.

Бала бакча 15-январдан баштап 100 баланы кабыл алып, төрт тайпа ишке кирет. Жаз айлары менен толук камсыздалып бүтсө, кезекте турган 80 бала да кабыл алына турганын жетекчилиги маалымдады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 450
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×