
Маалым болгондой, жыйында шаар жетекчилиги тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерге баа берилип, жетишкендиктер жана кемчиликтер, алдыдагы пландар, кɵйгɵйлүү маселелер туурасында талкуу жүрдү. Шаардык китепканада негизги кɵйгɵй катары китеп сактоочу жайдын полун алмаштыруу зарылдыгы, филиалдардын имараттарынын тардыгы, компьютердик технологиялар боюнча адистик штаттын жетишсиздиги айтылды. Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде ата-энелерден чогултулуучу тɵлɵм жыл сайын ɵсүп, ата-энелердин нааразылыгын жаратып жаткандыгы да белгиленди.
«Ѳкмɵттүн 1996-жылдагы токтомуна ылайык, музыкалык жана искусство мектептеринде окуган окуучулардын ата-энелеринен чогултулуучу тɵлɵм ар жылы минималдык айлык акыга жараша шаардык жана айылдык пайыз менен ɵсүп турат. Мисалы, былтыркы жылы фортепиано бɵлүмүндɵ ар бир окуучуга 570 сомдон тɵлɵм алынса, быйылкы жылы 610 сом болуп кɵбɵйɵт», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.
Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова бардык маданият мекемелерин бир муштумдай биригип иштешүүгɵ чакырып, шаардын түптɵлгɵндүгүнүн 150 жылдык мааракесин жогорку деӊгээлде ɵткɵрүү быйылкы жылдын негизги милдеттеринен экендигин белгиледи. Мындай отчеттук жыйындар бардык тармактар боюнча өткөрүлүүдө.