Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Нарын

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктар улантылып жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 12-январда Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова шаардагы маданият мекемелеринин жылдык аткарган иштерин угуп, аларда болуп жаткан маселелер талкууга алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жыйында шаар жетекчилиги тарабынан жыл ичинде аткарылган иштерге баа берилип, жетишкендиктер жана кемчиликтер, алдыдагы пландар, кɵйгɵйлүү маселелер туурасында талкуу жүрдү. Шаардык китепканада негизги кɵйгɵй катары китеп сактоочу жайдын полун алмаштыруу зарылдыгы, филиалдардын имараттарынын тардыгы, компьютердик технологиялар боюнча адистик штаттын жетишсиздиги айтылды. Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде ата-энелерден чогултулуучу тɵлɵм жыл сайын ɵсүп, ата-энелердин нааразылыгын жаратып жаткандыгы да белгиленди.

«Ѳкмɵттүн 1996-жылдагы токтомуна ылайык, музыкалык жана искусство мектептеринде окуган окуучулардын ата-энелеринен чогултулуучу тɵлɵм ар жылы минималдык айлык акыга жараша шаардык жана айылдык пайыз менен ɵсүп турат. Мисалы, былтыркы жылы фортепиано бɵлүмүндɵ ар бир окуучуга 570 сомдон тɵлɵм алынса, быйылкы жылы 610 сом болуп кɵбɵйɵт», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова бардык маданият мекемелерин бир муштумдай биригип иштешүүгɵ чакырып, шаардын түптɵлгɵндүгүнүн 150 жылдык мааракесин жогорку деӊгээлде ɵткɵрүү быйылкы жылдын негизги милдеттеринен экендигин белгиледи. Мындай отчеттук жыйындар бардык тармактар боюнча өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1429
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×