Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.01.2018 17:02

Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көлдөгү тилкеси жарыктандырылды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарына караган тилкеси жарыктандырылды. Аталган маалыматты шаар мэри И.Еркеев билдирди.

Анын маалыматына караганда, Бишкек—Ош жолунун Жазы-Кечүү айылындагы бөлүгүнө мамылар менен бирге 74 даана диоддуу лампалар орнотулду. Бул ишке атайын фонддон 2 млн сом каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарындагы тилкесине да жаңы диоддуу лампалар орнотулду.

«Бишкек—Ош жолун жарыктандыруу иши Токтогул ГЭСтер каскадынын иш планына кирген. Болжол менен аталган ишкана 2 млн сомдой каражат бөлдү. Беш чакырымга жаңы чубалгылар менен 60 мамы жана 120 даана диоддуу лампалар орнотулду», - деди шаар башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×