Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Ак-талаалык окуучулар Ак үйдө болушту (фото)

Turmush -   «Ак-талаалыктар Ак үйдө» аталыштагы долбоордун негизинде Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 18 орто мектептин 36 окуучусуна борбор калаада саякат уюштурулгандыгын жаш активист Кубанычбек Баялиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, ак-талаалык окуучулар алгач Чыгыш университетине саякат жасап, 10-январь күнү Жогорку Кеңеште, М.В.Фрунзенин музейинде, жалпыга маалымдоо каражаттарынын башкы кеңселеринде, жогорку окуу жайларда жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде болушуп, ата-бабаларга багыштап куран окушту.

Иш-чара райадминистрация, райондук билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү коомдук бирикме тарабынан уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2195
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×