Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Талас

С.Исаков жазуучу Ч.Айтматовдун туулган айылына иш сапар менен барды

Turmush -  

Бүгүн, 12-январда премьер-министр Сапар Исаков Талас облусуна иш сапары менен келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы алгач Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылына барды. Ал айылдагы маданият үйүндө өткөн жыйында Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси тууралуу сөз кылып, 15 гектар жерге «Чыңгыз Ордо» комплексин куруу боюнча долбоорго кол койгонун билдирди. 2018-жылы Москвада жазуучунун айкели тургузулат.

Ошондой эле, айылдагы Күркүрөө маданият үйүн оңдоого каражат бөлүнө тургандыгын айтты. Сапар Исаков менен биргеликте парламенттин депутаты Рыскелди Момбеков, Зарылбек Рысалиев, вице-премьер-министр Даир Кенекеев келишти.

Рыскелди Момбековдун айтымында, 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүү боюнча жарлык чыккан. Ошол жарлыкка ылайык мааракеге жалпы 82 млн сом каралган. Анын ичинен 20 млн сому «Чыңгыз Ордонун» башталгыч иштерине сарпталат.

Депутат Зарылбек Рысалиев өз сөзүндө Чүй облусунун Биринчи май районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү сунуштоо жөнүндө оюн айтты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1492
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×