Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө өткөн жылы 23 адам сууга чөгүп каза болсо, алардын экөө табылган эмес

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өткөн жылы 15 өзгөчө кырдаал катталса, анын ичинде сууга чөгүп каза тапкандар басымдуу болгон. Бул тууралуу ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы З.Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр 2016-жылга караганда өзгөчө кырдаалдардын саны азайган.

«Өткөн жылы ар кандай себептерден улам 497 өрт кырсыгы катталып, келтирилген материалдык чыгым да арбын болгон. Мындан тышкары, 23 адам сууга чөгүп каза тапса, алардын экөө табылган эмес. Өткөн жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан каражат бөлүнүп, бир маторлуу кайык жана атайын жубдуулар алынган», - деди З.Жумагазиев.

Ал белгилегендей, 2016-жылы 30 өзгөчө кырдаал катталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1121
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×