Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Жалал-Абад

Сузакта үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун заманбап имараты ачылды (фото)

Turmush -   Сузак районуна караштуу Мундуз айылында №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жамааты жаңы имараттуу болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Имараттын ачылыш аземине райондун акими Эрмекбай Омошев, жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, курулушка кайрымдуулук фонд тарабынан 6 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом жумшалып, заманбап жабдыктар алынган.

«Буга чейин имаратыбыз тар болуп, ыңгайсыздык жаралчу. Эми чоң жана жарык имараттуу болдук, заманбап медициналык жабдыктар алынды. Бейтаптар үчүн тиш дарылоо эмканасы, анализ чыгаруу үчүн атайын лабораториялар жана башка ушул сыяктуу шарттар жакшырды», - дейт №11 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Тилла Кенжебаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1032
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×