Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Айыл турмушу: Агайы «стройго» десе, ырчы К.Абылгазиев балдарды ээрчитип «столоваяга» жүгүргөн (фото)

Turmush -   Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарынын 26 жаштагы тургуну Кемелгазы Абылгазиев ырчылыгынын арты менен көптөгөн сыйлыктарга татыган. Ал окуучулук кезиндеги күлкүлүү жоруктарын жана чыгармачылыктагы жашоосун аймактык кабарчыга айтып берди.

Ал 1991-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында төрөлгөн.

«3-класста окуп жүргөндө 1-сабак бүткөндөн кийин, 2-сабакка дене тарбияга барууга даярданып калдык. Биз ага чейин спорт залга барчу элек. Бир маалда дене тарбиядан окуткан агайыз келип, «Кемелказы балдардын баарын чакырып «стройго» алып барып тиз» деди. «Столовая» болсо тамак ичет экенбиз деп аябай сүйүнүп балдарга чуркап бардым. «Эй балдар, тамак ичет экенбиз, агай «столоваяга» тизилгиле деди» деп чакырдым. Баарыбыз чурулдап «столоваяга» жөнөдүк. Анын ичинде ары-бери ызы-чуу салып, кубалашып ойноп жатсак, агайыбыз бизди издеп келип «силерди «стройго» деп чакырсам «столоваяга» кетип калган турбайсыңар» деп урушуп, бизди «стройго» тизгени алып жөнөдү. Ошол учурда бул окуяга күлгөн эмеспиз, кийин классташ балдар болуп чогулганда эстеп алып күлүп калабыз», - деди ал.

Ырчы чыгармачылыктын арты менен бир нече наамдарга татыган.

«1998-жылы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинин босогосун аттап, аны 2007-жылы аяктадым. Ошол мектеп курагымда эле чыгармачылыкка жакын болуп, «Жаш таланттар» кароо-сынагына катышып, баалуу белектер, биринчи даражадагы дипломдор менен сыйлангам. Кийин борбор калаага келип, 2010-жылы «21-кылымдын жылдызы» наамы жана диплом менен сыйландым. 2012-жылы «Жылдын ыры» наамын алгам. Табылды Актанов атабызга таандык «Нарындан тапкан махабат» деген ырын аткарып, 2013-жылы Жумамүдүн Шералиев атабыздын төш белгиси менен сыйландым.

2014-жылы Башкортостан мамлекети уюштурган фестивалда кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын көрсөтүп, ал жактан да биринчи даражадагы диплом менен сыйланып кайттык. Өзүм эстрада жана фольклор жаатында көп ырдайм. Чыгармачылыкта тынбай эмгектенип, башка жанрларда, мисалы классикалык жанрда ырдаганга аракеттенип жүрөм. Ырчылыктан башка проза жазып калам. Бош убактымда өзүмө керектүү, пайдалуу нерселерди үйрөнүп алууга аракеттенем жана китеп окуйм. Өзүм М.Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын аяктап, азыр Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында 4-курста окуйм», - деди ал.

Кемелгазы үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

«Келинчегим экөөбүз бир айылдан болобуз. Айылда окуп жүргөндө аны сыртынан таанычумун, бирок махабат оту жанып, жылуу сезимдер кийин пайда болду. Окууну бүткөндөн кийин аны менен социалдык түйүндөр аркылуу кайрадан таанышып, сүйлөшүп калдык. Бирок көпкө сүйлөшпөстөн 1 айдан кийин үйлөнүп алганбыз. Ал жаңы келгенде манты жасап берген. Ошол мантысы азыркы күнгө чейин даамы эсимде. Анын мага таарынчактыгы жагат. Тез эле таарынып турат. Ал эми кайын журтка эрке күйөө баламын. Кудай ошону кут кылсын», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3335
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×