Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-бууралык 17 жаштагы Сыймык 300гө жакын ырдын автору (фото)

Turmush -  

Кара-Буура районунун Шекер айылынын 17 жаштагы тургуну Мурат уулу Сыймык 300гө жакын ырдын автору. Аймактык кабарчы жаш акын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарында программист адистиги боюнча билим алууда.

«6-классымдан баштап ыр жазып калдым. Ыр жазуума өзүмдүн чоң атам түрткү болду десем болот. Чоң атам мен кичине кезимде эле дүйнөдөн өтүп кеткен экен. Ал учурда андай нерсени түшүнбөгөнгөбү ата-энем «чоң атаң кийин келет, азыр башка жакта» деп коюшчу. Мен чоң атамды көрбөсөм да аны сагынып, ага болгон сагынуумду ыр түрүндө жазып баштагам. Үйдө эч ким ыр жазбайт. Бирок атамдын агасынын баласы ыр жазып ырдап жүрөт, мүмкүн ошондон жуктубу деп ойлоп коем (күлүп).

Кийинчерээк ыр жазуу мен үчүн адат болуп калды. Учурда сүйүү жөнүндө лирикалык ар кандай ырларды жазып жатам. Азыр 300дөй ырлардын авторумун. Жазгандарымды социалдык тармактар аркылуу элге жарыялап турам. Келечекте өзүмдүн көптөгөн элдин көңүлүнө жаккан автордук ырларымды жазып китеп чыгаргым келет», - деди ал.

Жаш акын үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

«Сагындым сизди»

Чоң ата сизге кат жазмай болдум,

Сагынып сизди үшүдүм, тоңдум.

Сиз болсо бизди эстеп да койбой,

Артынан жүрдүң үйүлгөн койдун.

- - -

Чоң апам сизди тоодо деп айткан,

Тоодогу малдар келбеди беле.

Малдарды айдап келет го десем,

Дагы эле жоксуз келбедиң неге?

«Айылыма»

Курчаган табигаттын жытын жыттап,

Күркүрөө суусунан улам урттап.

Бой жеттим Шекер деген кооз айылда,

Булбулдун ар таңдагы үнүн тыңшап.

- - -

Айылыма менин болгон сагынычым,

Ансайын күчөп күйүп барат улам.

Ах чиркин аша албайт эч бир нерсе,

Айылымдын атыр жыттуу абасынан.

«Эр жигиттин милдети»

Намыстуу бол, айткан сөзүн аткарган,

Намыстуу бол элин-жерин башкарган.

Мен үчүн бул милдетимди аткарып,

Мекен үчүн кызмат кылуу башкы арман.

- - -

Эл деп соксун эр жигиттин жүрөгү.

Эл деп жашап, эл деп өмүр сүрөлү,

Кыраан Манас атабыздын жолун улап.

Кыргыз үчүн кызмат кылып жүрөлү.

- - -

Мекенчил бол элге арна жаныңды,

Мекен үчүн жер үчүн төк каныңды.

Суктанамын башка жерге деп жүрүп.

Суудай төкпө эр жигиттик арыңды.

- - -

Кызыгышып байлык бийлик акчага,

Кыргыз элин мына ушулар кирдетти,

Эл жер үчүн мекен үчүн күрөшүү.

Эстүү, эрктүү эр жигиттин милдети.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2858
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×