Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Талас

Айыл турмушу: Манастык Т.Ишеналиев жыгачтан адамдардын сөлөкөтүн жасайт (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын 43 жаштагы тургуну Төлөн Ишеналиев жыгачтан адамдардын сөлөкөтүн жасайт. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, С.Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Мектепте мугалим да болуп иштеген.

«Атабыздан эрте ажырап, апам менен калдык. Апам дайыма «уулум, силер жасабаганда ким жасайт» деп айтчу. Үйдөн стол, отургуч, эмерек жасап баштагам. 1995-жылы Сүймөнкул Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын жыгач уста бөлүмүн аяктагам. Сүрөт тартууга, усталыкка кызыгып эле үйрөнүп кеттим. Алгач жыгачтан эмерек жасап жүрсөм, кийин жыгачтан адамдын сөлөкөттөрүн, ар кандай сувенирлерди жасай баштадым. Башында жөнөкөй эле нерселерди жасап баштап, кийин скульптураларды жасадым. Ал буюмдарды ар кимге тартуу кылам. Манастын мааракесинде өзүмдүн чакан сувенирлеримди чет өлкөдөн келген туристерге 3-6 доллардан саткам.

Азыркы учурда көп убактымды сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүккө арнап жатам. Жубайым Элмира Данабекова менен бактылуу жашап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1721
Көп окулду
×