Turmush - Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Нарын шаарында жашаган 3 жаштагы Амина Эрланова.
- Атың ким?
- Амина.
- Канча жаштасың?
- Үч (колу менен көргөзүп).
- Кимди жакшы көрөсүң?
- Хабини (эжеси). Экөбүс ойнойбуш.
- Сен кимдин кызысың?
- Эландын (Эрлан).
- Эрлан сага ким болот?
- Осону билбейм.
- Үйдө ким баарынан кыйын?
- Адику эжем. Ал үй жыйнайт. Мен да жалдам белем.
- Сен кимге окшошсуң?
- Кайлат Кылгызга (Кайрат Кыргыз).
- Аны сага ким айтты? Кантип окшошсуң?
- Чачым оксошда ага.
- Кайрат Кыргыз деген ким?
- Телезолдо балго осол.
- Сен чоңойгондо ким болосуң?
- Кайлат Кылгыз болом (ырдап), «эсимде эсимде на-на-на».