Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Жеңеке: Диана жеңе турмушка чыкканда аркасынан ыйлаган балдар болгон (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 19 жаштагы Айдарбекова Диана жеңе турмушка чыкканда аркасынан ыйлаган балдар болгон. Жеңекеден аймактык кабарчы кабар алды.

Өзүнүн айтымында, турмушка чыкканына 1 жыл болду.

«Мен Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын кызымын. Талас шаарына турмушка чыккам. Жолдошум Мырзабек экөөбүздү досторубуз сейил бактан тааныштырган. Мен анда 1-курстун студенти болчумун. Башында дос болуп сүйлөшүп жүргөнбүз. Андан соң кыз-жигит болдук. 1 жыл сүйлөшүп, бири-бирибизди жакшы таанып калдык. Ошол учурда мени «ала качабыз, кудалашабыз» дегендер көп болгон. Жолдошум абдан чечкиндүү. Ошол жерден дагы чечкиндүүлүгү менен «сени эч кимге бербейм» деп, үйдөн кол менен алып кеткен. Мен турмушка чыккан соң балдар турмушка чыкканымды такташып, арасынан ыйлагандары да болгон экен. Тайпалаш кыздарым азыркыга чейин айтып калышат.

Кайын энем үй тиричилигинде тажрыйбасы менен бөлүшүп, көптү үйрөтүп келет», - деди ал.

Диана жеңе 1 наристенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1729
Көп окулду
×