Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Нарын

Нарын облусунун ЖККК бөлүмүнүн башчылыгына М.Берикбаев дайындалды

Turmush -  Милициянын подполковниги Берикбаев Манас Мукашович Нарын облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына дайындалды. Бул тууралуу бөлүмдүн штабынан Таалай Иманалиев билдирди.

Маалым болгондой, жаңы жетекчи Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен дайындалган. Буга чейин бул кызматты Төрөбай Бекбергенов аркалап келген. Ал эми бөлүмдүн башчысынын орун басарлыгына милициянын подполковниги Майназаров Ажыбек Жетигенович келди. Бул кызматты буга чейин Тилек Оторов аткарып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1075
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×