Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Баракелде

Видео - Бодрумда сойкулук менен алектенген кыргызстандык кыздар кармалды

Turmush -  Түркиянын Бодрум шаарында сойкулук менен алектенген Кыргызстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу haberler.com жазып чыкты.

Маалыматка караганда, полиция кызматкерлери сойкукана уюштурган 3 адамды жана 6 сойкуну кармашкан. Кармалган 6 сойкунун үчөө Россиянын, экөө Кыргызстандын жарандары болгон. Жыйынтыгында көмүскө жайга айланган мейманкана жабылып, айып салынды.

Кыргызстандын жараны — 34 жаштагы У.Р. мындан 2 ай мурун өзүнүн өлкөсүнөн Стамбул шаарына келгенин билдирди.

«Жаңы жылды досторум менен тосуу үчүн Бодрумга келдим. Мейманканаларда жана көңүл ачуучу жайларда мени жакшы кабыл алышты. Бир түндө 10 миң лирадан таап баштаганда бул жерде калууну чечтим. Эс алып жана акча таап жаттым. Бизди эч ким сойкулук менен алектенгенге мажбурлаган жок.

Биз 10 күндүн ичинде өзүбүздүн өлкөдө 3 айда иштеп таба албай турган акчаны таптык. Эгер бизди депортация кылса кайрадан Бодрумга келебиз. Биз мыйзамсыз нерсе менен алектенип жатканыбызды билген эмеспиз», - деди ал.

Кармалган кыздар депортациялоо үчүн Мугла районунун коопсуздук башкармалыгынын тышкы иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4575
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×