Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Айыл турмушу: Ыр жазган уста Р.Үсөнов керме шып жасап, киреше табат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 42 жаштагы тургуну Руслан Үсөнов бала кезинен бери турмушту чагылдырган ырларды көп жазган. Өзүнүн айтымында, атасы Асанбек да чыгармачыл адам болгон.

«Ыр чыгарып калуума атам түрткү болгон десем жаңылышпайм. Ал абдан чыгармачыл адам жана маанилүү ырларды көп жазчу. Өзүм 15 жашымдан тарта ыр жаза баштадым. Сүйүү, ата-эне тууралуу ырларым чындыгында аз. Айланада болуп жаткан турмушту чагылдырган ырларым абдан көп. Чыгарган ырларымды кагаз бетине түшүрбөстөн дароо эле социалдык түйүндөгү баракчама жазып келем», - деди ал.

Р.Үсөнов мындан сырткары керме шыптарды жасап, киреше табат.

«Мындан 8 жыл мурун мекенибизде жумуш жок болгондуктан Москва шаарына барып, курулуш иштерине аралашып, керме шыптардын түрүн жасаганды үйрөндүм. Кийин өз мекениме келип, керме шыптарды жасап каражат таба баштадым. Учурда бир тууган иним экөөбүз буйрутма менен иштеп, кардарлардын табитине жараша шыптарды жасап беребиз. Баалары 15 миң сомдон жогору болот. Эмгегимдин көпчүлүгү интернеттен алынса, айрымдары өз оюмдан жаралат», - деди уста.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2321
Көп окулду
×