Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Нарын

Нарын облусунда 29 карышкыр, 7 чөө атылып жок кылынды (видео, фото)

Turmush -  

Нарын облусунда 29 карышкыр, 7 чөө атылып жок кылынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Нарын облусу боюнча өкүлү Сагыналы Богачиев билдирди.

Анын маалыматына караганда, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылы 29-ноябрда чыккан «Облустун аймагындагы карышкырларды, чөөлөрдү жана жолбун иттердин санын кыскартуу» жөнүндө буйругунун негизинде карышкырды, чөөлөрдү жана жолбун иттердин санын кыскартуу иштери жүрүп баштаган.

«Азыркы учурда карышкыр чөөлөрдү азайтуу боюнча чыккан буйруктун негизинде 14 мергенчиден турган топ түзүлгөн. 1-октябрдан бери облус аймагында 29 карышкыр, 7 чөө атылып жок кылынды. Атылган карышкырлар атайын райондук комиссиядан өтүп, өкмөттүн токтому боюнча ар бир карышкырдын башына 6 миң сом өлчөмүндөгү сый акы төлөнүп берилет», - деди С.Боогачиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2415
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×