Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 11.01.2018 17:26 На русском

Мас айдоочу Алайдагы жардан унаасы менен кулап каза болду

Turmush -  Бүгүн, 11-январда саат 13:26 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Терек-Аңгал жарынан жеңил унаа кулап кетти. Коңур-Дөбө айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында болгон окуянын кесепетинен айдоочу — 1978-жылы туулган П.Т. оор жаракат алып, көп узабай көз жумган.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, маркум Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну экени белгилүү болду. Ал мас абалда унаасын башкарып жүргөн.


IMG-20180111-WA0000

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×