Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Чүй

Айыл турмушу: 86 жаштагы Р.Шапавалова 65 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнады (фото)

Turmush -  Кемин районунун тургуну Раиса Шапавалова 65 жыл мугалим болуп эмгектенген. Аны айылдаштары азыр да сыйлап, мугалимдик кесибине таазим кылып турушат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышты.

imgonline-com-ua-Frame-blurred-ZOhPARsAnNsqCZl

Мугалим жолдошу менен 1958-жылдан бери Кызыл-Октябрда жашап келишкен.

«Жолдошумду убагында Турдакун Усубалиев Кызыл-Октябрь савхозуна директорлукка даярдап, 1958-жылдан тарта бул айылда туруп калдык. Өзүм орус тили жана орус адабияты боюнча мугалиммин. Эң алгач 21 жашымда Түп районунда, кийин 5 жыл Чолпон-Атада, Теплоключенкада, андан соң Кызыл-Октябрда балдарга билим берип келдим. Жолдошум убагында көп иш кылды. Мисалы, анын убагында МТФ, айылдык клуб, контор, почта, мектеп жана көптөгөн үйлөр курулуп, гаражды оңдотту. Белгилей кетүүчү нерсе, ал убакта 80 миң кой багылып, Кызыл-Октябрь мал чарбачылыгы боюнча алдыда болуп, эл нормасынан ашыра эмгектенчү», - деди Р. Шапавалова.

Ал татыктуу мугалим болуу үчүн өз кесибин сүйүү керектигин баса белгиледи.

«Жакшы мугалим - бул өз кесибин жана балдарды сүйөт. Канчалык кесип оор болсо да мугалим акылман болуп, окуучуларын өз балдарындай жакшы көрүүсү керек. Мен жаштарды аябай жакшы көрөм жана сыйлайм. Жаштарга - жол, карыларга — сый жана өлкөмө ынтымак, тынчтык, өсүп-өнүгүү каалайм», - деди ал.

Р. Шапавалова 1931-жылы төрөлгөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1970
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×