Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель

Чек арадагы Чечме айылынын тургундары суу ичкен булагын коргоп чыгышты

Turmush -  Кадамжай районунун Чечме айылын суу менен камсыз кылган жалгыз булак Өзбекстандын аймагына өтүп кетүү коркунучу жаралгандыгына байланыштуу жергиликтүүлөр нараазычылыгын билдирип чыгышты.

Алардын айтымында, Чечме айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет. 10-январда Чечме айылынын 100гө жакын тургундары чогулушкан. Чечме айылынын тургундарына «10-январда өзбек-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттер аралык комиссиясынын жумушчу тобу аталган аймакта тактоо иштерин жүргүзүшөт, булак өзбек тарапка өтүп кетти» деген маалыматтар тараган.

Чечме айылындагы булактан чыккан суунун тең жарымынан көбүн Өзбекстан пайдаланат. Калганын кыргыз айылдагылар таза суу жана сугат суу катары колдонушат. Бирок булак толугу менен Кыргызстандын аймагында турат жана аны тактоого эч кандай негиз жок. Айылда 1300 адамга жакын тургун жашап, алар бул булакты ата-бабаларынан калган жай катары жогору баалашат. Булак бүгүнкү күндө Чечме айылындагы 1,5 миңге жакын адамды ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылып турат.

Бирлик айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаты Садыкбек Каламов ойлонууга негиз жок экендигин, мамлекеттер аралык комиссиянын жумушчу тобу аталган аймакта тактоо иштерин гана жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Баткен облусу менен Өзбекстандын чектешкен аймагынын 85%ы такталган. Тактала элек чек аранын 15%ы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш. Булак боюнча жергиликтүүлөрдүн минтип чоочулашына негиз жок.

«Анткени кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн мамлекеттер аралык комиссиянын аймактагы тактоо иштери аягына чыга элек. Жергиликтүүлөрдүн түшүнбөстүктөрүнө эч кандай негиз жок», - деп билдирди өкүлчүлүктүн басма сөз кызматкери Чолпон Бердикулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1331
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 7 адам окуп жатат)
×