
Анын айтымында, карышкырларды Умарбек Абдиев атып өлтүрдү. Өткөн жумада 4 карышкыр жана 1 чөө атылган болчу. Карышкырлар Лейлектен 2 жылкы, 1 уйду жеп кетишкен. Андан кийин район жетекчилиги карышкырларды жок кылуу боюнча токтом кабыл алып, бардык мергенчилер тартылган.
Карышкыр аткан адамга Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинен 6000 сом, жергиликтүү бийликтен 3000 сом сыйлык берүү каралган.