Turmush - Австралиялык актриса жана теле алып баруучу Кортни Экттин юбкасы түз эфир учурунда чечилип калган. Анын ич кийимсиз жүргөнүн түз эфирде отургандар жана теле көрүүчүлөр байкап калышты.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, окуя Celebrity Big Brother деп аталган британиялык реалити-шоу учурунда болгон. Аталган телекөрсөтүүнүн катышуучусу Кортни Экт юбкасы чечилип калгандан кийин өзүн иретке келтирүү үчүн түз эфир тартылган аянттан кетүүгө мажбур болгон.