Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Баракелде, Дүйнө 11.01.2018 13:11 На русском

Астанада катуу бороон болуп, «Нурсултан Назарбаев» аэропорту жабылды (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн түнү Казакстандын Астана шаарында катуу бороон болду. Шаардагы бороон жана катуу шамал секундасына 15 метрге жеткен. Туруксуз аба ырайы учурунда автотранспорттун бардык түрүн колдонууга тыюу салынды.

Ошондой эле, «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропорту ишин убактылуу токтотту.

Бир суткада Астана шаарында 34 227 куб метр кар тазаланып, буга 1345 техника жана 1888 жол кызматкери тартылды.

Астана шаарынын полиция кызматкерлери айдоочуларга этият болууну, жөө жүргүнчүлөргө атайын белги коюлган жерден өтүүнү эскертти.

Шаардын акими Асет Икекешев тургундарды шаардын көчөлөрүнө чыкпай турууга чакырды.

Бороондун кесепетинен шаардын кичи райондору жарыксыз калды. Жарандык авиациядан «Нурсултан Назарбаев» эл аралык аэропорту саат 13:00гө жабык болушу мүмкүн экенин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×