Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Дүйнө 11.01.2018 12:15 На русском

Фото - Экс-президент Ислам Каримов бир туугандары менен

Turmush -  Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун фонду социалдык түйүндөгү расмий баракчасына мурунку өлкө башчысынын буга чейин белгилүү болбогон сүрөтүн жарыялады.

Сүрөттө 27 жаштагы Ислам Каримов (сол жактан үчүнчү) байкелери — Куддус, Ибодулло жана Хуршид менен. Фонд сүрөт 1965-жылы Самарканд шаарында тартылганын белгиледи.

Буга чейин аталган фонд И.Каримовдун үй-бүлөсүнүн (ата-энеси жана алардын улуу 4 баласы) сүрөтүн жарыялаган болчу. Мурдагы өлкө башчысынын бир туугандары тууралуу маалыматтар эч жерде айтылбайт.

Фонд 2016-жылдын октябрь айында Татьяна Каримова жана Лола Каримова-Тилляева тарабынан түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×