Бөлүмдөр
Бейшемби, 26-апрель
Ош

Жеңеке: Мукам үндүү Алтынай Арзыбаеваны жолдошу менен аккордеон табыштырган (видео)

Turmush -  Музыканы өзгөчө жакшы көргөн Алтынай Арзыбаева Өзгөн районунун келини. Ал кичине кезинен эле аккордеонго кызыгып, ырчы Алтынай Нарбаеваны кумир тутуп келет.

Алтынай жеңеке менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты. Ал учурда балдарына жакшы тарбия берүүнү башкы орунга койгонун, бирок аккордеон чертип ырдоону токтотпогонун айтты.

«Бала кезимде комуз чертүүгө кызыкчу элем. Кийин Алтынай Нарбаеваны көрүп, аккордеонго кызыгып калдым. Мектепти аяктаган соң музыкалык билим алуу үчүн ОшМУнун музыкалык факультетине барып, 5 жыл билим алдым. Ал жерде бул аспапты үйрөнүп кетүү оңойго турган жок. Көп кыйынчылыктарды жеңип, акыры үйрөндүм», - деди ал.

Алтынай жеңе жолдошу Бектурсун менен таанышып, баш кошуусуна аккордеон себеп болгон.

«Мен жолдошум менен бир тайпада окугам. Бирге окуп жүрүп, бизди аккордеон табыштырды десем болот. Бектурсун экөөбүз бир агайдан сабак алып жүрүп, бири-бирибизди жактырып калдык. Учурда бактылуу үй-бүлөбүз. Ортобузда бир кызыбыз бар», - деди А.Арзыбаева.

Учурда бардык убактысын үй-бүлөсүнө арнап жаткан таланттуу жеңеке кийинчерээк бул өнөрү менен алектенип, аны өнүктүрүүнү каалайт.

«Учурда үйдөгү тиричилик менен алекмин. Аккордеон экинчи орунда турат. Бирок кийин ушул тармакты өнүктүрөм деп жатам. Учурда кол бошогондо гана ырдап калам. Менин ырчылык өнөрүмдү кайын журтум жакшы кабыл алган. Айрым учурда ырдап берчи деп суранып калышат», - деп кошумчалады.

26 жаштагы Алтынай Арзыбаева Араван районунун Төбө-Коргон айылында өскөн. Анын жолдошу Бектурсун Курсантбек уулу дагы аккордеонду мыкты билет жана ырчылык таланты бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2400
Көп окулду
×