Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.01.2018 11:42

Өкмөттүк жолдогу кырсыктан жабыркагандардын бири кош бойлуу келин

Turmush -  Бишкек шаарынын Айтматов проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктын кесепетинен 5 адам жаракат алды. Бул маалыматты бүгүн, 11-январда АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Жол кырсык кечээ, 10-январда кечинде 3 унаанын катышуусунда болгон. Анын кесепетинен унаалардын бири бакты сүзгөн болчу. Кырсык учурунда жаракат алган 5 адамдын (2 эркек, 3 аял киши) абалы орточо оор деп бааланып жатат. Министрликтин маалыматы боюнча, эки аялдын бири 33-жумада кош бойлуу.

Учурда бардык жабырлануучуларга керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×