Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Баракелде

Видео - Муз үстүндө «Кара жорго» бийлеген хоккейчи кыздар

Turmush -  Казакстандын Астана шаарында кечээ, 10-январда хоккей жылдыздарынын жумалыгы башталды. Лиганын эң мыкты 34 оюнчусу Батыш Чыгышка каршы форматта жолугушту.

Оюн башталардын алдында Батыш курамасынын хоккейчи кыздары россиялык ырчы Ольга Бузованын «Мало половин» аталышындагы ырына бийлешти.

Буга жооп катары экинчи тыныгуу учурунда Чыгыш курамасынын оюнчулары муз үстүндө «Кара жорго» бийин бийлеп беришти.

Видеотасма интернеттеги расмий КХЛ каналына жарыяланган.

Оюндун жыйынтыгында Чыгыш курамасы 3:2 эсебинде жеңишке жетти. Бул достук оюнуна Казакстандын 3 хоккейчиси — Галия Нургалиева, Зарина Тухтиева жана Фатима Китайбекова катышкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1809
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×