Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Чүй

Токмоктун он окуучусу шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышып жатат (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын он окуучусу шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шахмат боюнча спорт чебери, улуттук даражадагы калыс, шахмат сүйүүчүлөрүнүн арасында дүйнѳнүн вице-чемпиону жана Азия чемпиону болгон шахмат боюнча машыктыруучу Ислам Байысынов билдирди.

«Кыргызстандын чемпионатына 6 жаштан 18 жашка чейинки спортчу окуучулар катышууда. 7 облустан келген жалпы 600 спортчу катышып жатышат. Мен алып барган окуучуларымдын арасында 1-2-орунду ала тургандар бар. Бирок азыр айтуу эрте, анткени дагы 2 тур калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 791
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×