Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Чүй

Жаш талант: 16 жаштагы дзюдочу Ч.Сагыналиев «Чүйдүн мыкты спортчусу» наамына ээ болгон (фото)

Turmush -  Сокулук районуна караштуу Белек айылынын 16 жаштагы тургуну Чыңгыз Сагыналиев 10 жылдан бери дзюдо менен машыгып келет. Ал учурда дзюдо боюнча спорттун чеберине талапкер, өткөн жылы «Чүйдүн мыкты спортчусу» наамын алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Спорттун дзюдо түрү менен 1-класстан бери машыгып келем. Атам машыктыруучу болгондуктан кичинекей кезден спортту тез түшүндүм. Атамды ээрчип мелдештерге, машыгуу залына бара берчүмүн. Ал жактан машыккан балдарды көрүп, кызыгып кеттим. 1-класстан 7-класска чейин Белек айылындагы А.Куттубаев атындагы мектепте окугам жана ошол жерде машыккам. Кийин 8-класстан баштап Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги окуу жайына тапшырдым. Азыр ошол жерде 10-класста окуйм. Дзюдо боюнча спорт чеберине талапкермин. 2017-жылы «Чүйдүн мыкты спортчусу» наамын алгам. Спорттун арты менен Казакстандын көптөгөн шаарларында, Россия жана Япония мамлекеттеринде болдум. Келечекте Азиянын, дүйнөнүн жана олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү болсом деп тилек кылам», - деди ал.

Чынгыз Сагыналиев Сокулук районуна караштуу Белек айылында 2002-жылы төрөлгөн.

«Атам Мелис Сагыналиев машыктыруучу болсо, апам Замира Сагыналиева маданият кызматкери. Өзүм үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчисимин. Айперим эжем Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында окуйт, иним Даниэль 5-класс болсо, карындашым Адия 4 жашта», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1367
Көп окулду
×