Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баракелде

Жерге жыгылган 2 жаштагы уулун тепкилеген атанын кылмыш иши токтотулду

Turmush -  Октябрь райондук соту жерге тайгаланып жыгылган 2 жаштагы уулун тепкилеген видеотасма тарагандан кийин кармалган Б.А. аттуу шектүүгө карата чечим чыгарды. Төрагалык кылган судья Чынгыз Адамкулов айыпталуучуга карата козголгон ишти токтотуу тууралуу өкүм чыгарды.

Маалым болгондой, наристенин апасы күйөөсүнө доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазган.

Окуя тууралуу

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эркек киши наристени тээп жаткан тасма социалдык түйүнгө жарыялангандан кийин Октябрь РИИБдин кызматкерлери ыкчам издөө иш чараларын жүргүзүп, ал адамдын өздүгүн тактаган. Тасма болжол менен Бишкектин Улан-2 кичи районунда тартылган. Наристе окуядан кийин дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү.
Кийинчерээк 2 жаштагы баланы катуу тепкен Б.А. Сокулук районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары экени аныкталган. Окуядан кийин ал убактылуу камакка алынып, кызматынан бошотулган болчу.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13788
Көп окулду
×