Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө ЖККК бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

Turmush -  Кыргызстанда ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык болуп түзүлгөндөн кийин аймактарда кадр алмашуулар болду.

Turmush басылмасы ЖКККнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгын жана бөлүмдөрүн кимдер жетектегенин тактады.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча кошумча 27 штат киргизилген. Ысык-Көл ОИИБдин жол коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси болуп 1975-жылы туулган Бактыбек Кемелович Жангабылов дайындалды. Буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин патрулдук милиция бөлүмүн жетекчиси кызматын Азамат Исраилов аркалаган.

Б.Жангабылов милициянын майору, ал буга чейин Ысык-Көл ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аткарган.

Каракол шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси болуп милициянын капитаны Толкун Дүшөмбиев калды.

Ошондой эле, Ысык-Көл райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси кызматында милициянын майору Тимур Кадыров калды. Реформа жүргүзүлгөндөн кийин бөлүмдүн штатынын саны 4 адамга көбөйдү. Алар — бир ага тескөөчү жана 3 кенже тескөөчү. Учурда Ысык-Көл райондук бөлүмдүн штаты 8 кызматкерден турат.

Ал эми, Ак-Суу районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүн милициянын капитаны Бакыт Бейшекеев жетектесе, Жети-Өгүз райондук бөлүмдү милициянын капитаны Мунарбек Орозбаков башкарат.

Тоң районунун ЖККК бөлүмүн Бекжан Бообеков жетектеди. Буга чейин патрулдук милициянын ага тескөөчүсү болуп иштеген Талант Жумабеков Балыкчы шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болду.

Тоң районунун ЖККК бөлүмүнүн жетекчиси болуп милициянын майору Мурат Жумабаев калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1559
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×