Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.01.2018 16:17

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк эсепчи Н.Эралиева заман талабына жараша кесибин өзгөрттү (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылынын 52 жаштагы тургуну Н.Эралиева финансы кызматкери болуп, бир нече жыл эмгектенгенден кийин кесибин алмаштырууга аргасыз болгон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Барскоон айылындагы маалымат борборун ачуу багытында кыйла эмгек жумшаган. Дээрлик 11 жылдан бери бул тармакта эмгектенип, айыл эли үчүн көмөк көрсөтүүнүн үстүндө.

Учурда ал жергиликтүү тургундарды сүрөткө тартып, тийиштүү тейлөө жүргүзүп келет. Кайрылгандар ар дайым сапаттуу тейлөө көрсөткөнүнө ыраазы болушат. Теңир-Тоонун кызы Ысык-Көлгө келин болуп келгенден бери бир катар иштерди жасап, 11 жыл аралыгында айыл эли үчүн 32 долбоорду ийгиликтүү ишке ашырган. Фотоаппаратын колунан түшүрбөй, бардык иш-чарада сүрөтчүлүк кесиби менен алектенет.

Жолдошу К.Адыков да жубайы менен бирге иштеп, оорун колдон, жеңилин жерден алып, дайыма көмөктөшүп келет.

Н.Эралиева түптөгөн маалымат борбордо учурда 6 киши эмгектенет. Бул жактан сүрөт, ардак грамоталарды чыгарып, маалыматтык тейлөө жүргүзүлөт.

«Маалымат технологиянын заманында тургундарга кызмат көрсөтүү үчүн кесибимди алмаштырганыма өкүнбөйм. Аны менен катар келечекке болгон көз карашым дагы өзгөрдү. Эми долбоор аркылуу менталдык арифметиканы 4 жаштан жогорку балдарга окутуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө аракет кылып жатам. Социалдык долбоорлорду ишке ашыруу менен айыл элине жардам берип келем», - дейт Н.Эралиева.

Ал жолдошу менен 3 уулду тарбиялап, 2 неберелүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×