Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Чүй

«Эгиздер»: Жазгүл менен Назгүлдүн бир ойдогу дилбаяндары мугалимди катуу таң калтырган (фото)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Жазгүл Дыйканбаева менен Назгүл Дыйканбаева.

Алар Бишкек шаарында 1987-жылы 11-ноябрда төрөлүшкөн. Өздөрүнүн айтымында, мектепте окуп жүргөндө көп күлкүлүү окуяларга туш болуп, мугалими эки жолу дилбаян жаздырып, ойлорунун окшоштугуна таң калган.

Эгиздердин бири Назгүл учурда бир уулду тарбиялап, фармацевтикалык компаниялардын биринде менеджер болуп эмгектенип жатат.

«Экөөбүздүн мүнөзүбүздүн 99 пайызы окшош. Жазгүл жумшак жана шамдагай. Ата-энебиз бизди кээде эле алмаштырып алышпаса, кимибиз ким экенибизди жакшы билишчү. Башкалар болсо мени оң көзүмдүн алдындагы калдан, ал эми Жазгүлдү боюнан айырмалашчу. Экөөбүздүн жашообузда күлкүлүү окуялар көп болду. 9-класста окуп жүрсөк керек. Мугалимибиз баарыбызга дилбаян жазып келгиле деп тапшырма берген. Дилбаянды жазып барып, мугалимге тапшырдык. Бирок ал «Жазгүл экөөңөр эмне үчүн өз алдынча жазган жоксуңар» деп төмөн баа коюп койду. Биз өз алдынча жазганыбызды айтып, көпкө талаштык. Эжейибиз мени үчүн катардын эң алдыңкы партасына, Жазгүлдү биринчи катардын эң акыркы партасына отургузуп, «менин көзүмчө дилбаян жазгыла» деди. Жазып бүткөн дилбаяндарыбызды эжейибиз ошол жерден окуп, абдан таң калды. Себеби бул жолу жазган дилбаяныбыз дагы 80% окшош болуп чыкты.

Эгизим экөөбүз 1995-жылы №72 орто мектептин босогосун аттап, 7-классыбызда №52 орто мектепке которулуп, 11-классты ушул мектептен аяктадык. Андан соң экөөбүз 2006-жылы Кыргыз-түрк «Манас» университетине өтүп, аны 2009-жылы аяктап, Туризм академиясына тапшырдык. 2014-жылы бул окуу жайды ийгиликтүү аяктап алдык», - деди ал.

Эгиздер учурда үй-бүлөлүү, Назгүл бир уулдун энеси болсо, Жазгүлдүн бир уул жана бир кызы бар.

«Менин 4 жаштагы уулум болсо, Жазгүлдүн 5 жаштагы кызы жана 2 жаштагы уулу бар. Биз эс тарткандан тарта ырдаганды жактырабыз. Туугандарга ар дайым концерт коюп берчүбүз. Мурда атайын топто бийлеп да калдык. Ошондой эле, окуучу кезде Жазгүл мектептин президенти, мен классыбыздын старостасынын орун басары болчумун. Ошол себептен мектептин уюштуруу иштери биздин мойнубузда болчу. Өзүбүз да мектептин майрамдык кечелерине, иш-чараларына активдүү катышчубуз. Шаар, район арасындагы вокал боюнча сынактарга катышып, алдыңкы орундарга илинип жүрдүк. Андан сырткары эл аралык вокал сынагында 16 жаштагылар арасынан 1-орунду алганбыз. Азыр туугандардын тойлорунда «Жар-Жар» ырдап чыгып калабыз. Себеби, туугандар «биздин да эгиз балдарыбыз болсун» деген ырымдын негизинде ырдатышат. Учурда мен фармацевтикалык компанияда менеджер болуп иштейм. Ал эми Жазгүл азырынча эмгек өргүүдө жүрөт», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 8 бир тууган, анын жетөө кыз, бирөө уул. Назгүл менен Жазгүл кыздардын эң кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 412
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×