Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.01.2018 21:06

Айыл турмушу: 34 жыл эсепчи болгон Салкын апа багбанчылык менен алектенүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 68 жаштагы тургуну Салкын Темиркулова 34 жыл эсепчи болуп иштеген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында чоңойгон.

«1965-жылы Бишкектеги Финансы-кредит техникумуна тапшырып, ал жерден 1968-жылы бухгалтер адистигин алып чыктым. Андан кийин айылымдагы колхозго келип эсепчи болуп иштеп калдым. 2002-жылга чейин эсепчи болуп иштедим. Ал учурда эсепчилердин атайын майрамдай турган же эс алуучу күнү болчу эмес. Баарыбыз эч тынымсыз эмгектенчүбүз. 2002-жылы пенсияга чыктым», - деди ал.

Эсепчи апа азыр багбанчылык менен алектенет.

«Өзүм пенсияга чыксам да үйдө ар кандай алманын көчөттөрдү тигип, бак өстүрүп алгам. Кийинчерээк алардан түшүм алып, пайда таап баштадым. Орточо эсеп менен 150 миңдей пайда көрүп калдык. Жылына багыбыздан 5 тоннадай алма алып калдык. Буга үй-бүлөмдүн дагы жардамы тийди», - деди ал.

Салкын апа 3 кыз, 3 уул жана 10 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×