Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-июль
Талас

Айыл турмушу: Таластык А.Турусбекова студент кезинен бери жаратылышты коргоп иштейт (фото)

Turmush -  

Талас шаарынын 32 жаштагы тургуну Айзат Турусбекова студент кезинен бери Талас токой чарбасында иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында чоңойгон. Токой чарбага 2004-жылы 3-курсунда ишке кирген.

«2002-жылы мектепти аяктап, Бишкек шаарындагы Скрябин атындагы агрардык университетине тапшыргам. Ал жерден 2007-жылы токой чарба инженери адистигин алып чыктым. 2008-жылы Таластагы айыл чарба техникумуна бухгалтердик кесипке тапшырып, аны 2010-жылы аяктагам. Бишкекте окуп жүргөндө 2004-жылы 3-курсумда Талас токой чарбасына ишке кирип, ушул күнгө чейин эмгектенип келе жатам. Ушул жылдардын арасында көптөгөн сыйлыктарга ээ болдум. Эң биринчиси 2007-жылы ардак грамотага ээ болгом. 2010-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин ардак грамотасы менен сыйлангам. Андан кийин 2013-жылы «Жаратылышты коргоонун мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланып, 2016-жылы «Токой сакчылыгында 10 жыл» төш белгисин алдым.

Инженер болуп иштеген мен үчүн сыймык. Себеби апам бүт өмүрүн токой чарбага арнаган. Мен ал убакта кичине кыз болчумун. Апамдын кесиби менин кесип тадоомо түрткү берди десем болот. Ошол себептен мен апамдын жолун жолдоп, токой өстүрүүчү инженер кызматында эмгектенип жатам», - деди ал.

Айзат айым 2009-жылы турмуш жолуна аттанган. Учурда 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2600
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×