Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Президент С.Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялады

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-январда Нарын облусундагы Жумгал районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди.

«2018-жылы аймактарды өнүктүрүүдө системдүү өзгөрүүлөргө негиз түптөлүшү керек. Бул бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун бирдиктүү аракеттерин талап кылат. Жогорку Кеңешке, Кыргыз өкмөтүнө аймактарды өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштар берилди. Эми региондорду өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү, комплекстүү пландары иштелип чыгып, айылдарды, шаарларды жана башка аймактык бирдиктерди пландоо стандарттары бекитилет», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчынын басма өз кызматы билдиргендей, ал премьер-министр болуп турганда региондорду өнүктүрүү концепциясы, калкты таза суу менен камсыз кылуу программасы, ирригацияны жакшыртуу программасы кабыл алынганын эскертти. Ошондой эле, аймактарда жаңы жумушчу орундарды ачууга өзгөчө көңүл бөлүнө турганын, бул тышкы жана ички миграциянын кескин азаюусуна алып келээрин белгиледи.

Аракеттер аймактардын жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү колдоого, чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө, аймактардын экономикалык өнүгүүсүн шарттаган инвестицияларды тартууга да багытталат.

«Кайсы бир аймактан аттуу-баштуу чиновник же депутат чыкса ал аймакка бюджеттик каражаттарды бөлүштүрөт, тескерисинче каралбай калган да айыл-кыштактар бар. Кээ бир аймактарда мектептер, ооруканалар курулбай калган. Биз аймактарды өнүктүрүүдө ушундай көрүнүшкө жол бербешибиз керек, бюджеттик жана инвестициялык каражаттар муктаждыкка жараша пландуу бөлүнүшү зарыл», - деп сөзүн жыйынтыктады С.Жээнбеков.



Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5810
Көп окулду
×