Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Баракелде, Бишкек 10.01.2018 11:45 На русском

Парламент Санжар Муканбетовдун вице-премьер-министр болушун колдоду (резюме)

Turmush -  Парламент вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды. Мындай чечим бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынды.

С.Муканбетовдун талапкерлигин биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев тааныштырды. Ал аталган кызматка дайындалса экономика блогун жөнгө сала турганы белгиленди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен С.Муканбетовдун талапкерлигин каттоодон өткөн 98 депутат колдоду.

Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы 12-декабрда төрөлгөн.

Билими:

- 1989-1994-жылдары Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, радиоинженер;

- 2000-2003-жылдары Кыргыз улуттук университети, экономист.

Эмгек жолу:

-1996-1998-жылдары — Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу боюнча мамлекеттик агенттик, жетектөөчү адис, 1-категориядагы адис;

- 1998-1999-жылдары — Чет өлкөлүк инвестиция жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, башкы адис;

-1999-2001-жылдары — Чет өлкөлүк инвестиция жана экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия, тышкы жардам координациясы башкармалыгынын жетекчиси, бөлүмдүн жетекчиси;

- 2001-2002-жылдары — Каржы министрлигинин мамлекеттик инвестиция программасы башкармалыгы, жетекчи;

- 2002-2005-жылдары — Экономика жана каржы министрлигинин инвестициялык саясат департаменти, директор;

- 2005-2007-жылдары — Экономика жана каржы министрлиги, мамлекеттик инвестициялык саясат башкармалыгынын жетекчиси;

- 2007-жылдын 19-апрели — Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин орун басары;

- 2010-жылдын 19-июлу — Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мүчөсү;

- 2012-жылдын 1-марты — экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;

- 2014-жылдын 3-октябры — Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

- 2014-жылдын 29-декабрында Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулган;

- 2015-жылдын ноябрь айы — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

- 2018-жылдын 7-январында премьер-министр Сапар Исаков С.Муканбетовдун талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×