Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Нарын облусу, Нарын 10.01.2018 10:11

Нарындагы хоккей боюнча эл аралык турнирде орусиялык команда алдыда келе жатат (видео, фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы муз аянтчасында тоо лыжасы боюнча Кыргызстандын чемпиону, СССРдин кичи футбол боюнча спорттун чебери Т.Токтосуновдун кубогуна арналган хоккей боюнча эл аралык турнирдин чечүүчү беттештери бүгүн, 10-январда өтөт. Бул тууралуу турнирдин башкы калысы Болот Бектемишов билдирди.

«Жергиликтүү “Ала-Тоо” командасы менен “Ынтымак” командасынын ортосундагы таймашта “Ынтымак” командасы 11:2 эсебинде жеңишти камсыз кылышты. Андан кийин Челябинск шаарынын командасы менен “Ынтымак” командасынын ортосунда беттеш өтүп, Орусиядан келген меймандар 18:7 эсеби менен кыргыз спортчуларын жеңип алышты. Ал эми “Ала-Тоо” командасы менен Алмата шаарынын командасы беттешип, казак спортчулар 3:2 эсебинде жеңишке жетишти. Азырынча орусиялыктар биринчи орунда келе жатышат. Бүгүн чечүүчү беттештер өтөт», - деди ал.

Буга чейин Челябинск жана Алмата шаарларынан келген командалар алгачкы оюндарды көрсөтүп, Челябинск шаарынын командасы 8:2 эсебинде жеңишке жетишкен болчу.

Тема боюнча: Нарында эл аралык турнирдин алгачкы беттештери башталды (фоторепортаж)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×