
Turmush - Акыркы сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 12 өрт кырсыктары катталды, деп билдирди ӨКМ бүгүн, 10-январда.
Бишкектин Ленин районундагы Ак-Өргө жаңы конушунда эки кабаттуу контейнерден курулган турак үйдөн өрт чыкты. Анын кесепетинен чатыры толугу менен, экинчи кабатындагы 3 бөлмөнүн ичиндеги жууркан-төшөктөр, уктоочу эмерек, жумшак эмеректер, сыналгы жана документтер күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.
Өрттү от менен ойногон балдар тутанткан.