Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 09.01.2018 18:34 Жаңыланды: 10.01.2018 11:11

Айыл турмушу: Н.Шеркулов аксакал комузчулук өнөрүн өзүнүн уул-кыздарына үйрөттү (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 67 жаштагы тургуну Намазбек Шеркулов 60 жылдан бери комузчулук өнөр менен алектенет. Аймактык кабарчы комузчу аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, комузду чертүүнү чоң атасы, залкар комузчу Шекербек Шеркуловдон үйрөнгөн.

«Чон атам Шекербек залкар комузчу болгондуктан мага комузду кичине кезимде эле карматкан. Ошондон бери таштабай, комузчулук өнөрүмдү өркүндөтүп келе жатам. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тил факультетин аяктап, бир топ мектептерде эмгектендим. Комузчулук өнөрдү жаш муундарга үйрөтүү максатында демилге көтөрүп, 1992-2005-жылдары Ш.Шеркулов атындагы орто мектебинде комуз ийриминде сабак бере баштадым. Окуучулардын кызыгуусу артып, бир катар фестивалдарга, сынактарга катышып, күү чертишти. Аны менен катар Талас районундагы балдарга билим берүү борборундагы окуучуларга дагы комуз ийриминен сабак берип эмгектендим. Учурда Манас айылында жайгашкан Ш.Жумагулов атындагы орто мектепте музыкант болуп иштеп жатам. Бул жерде иштеп жатып, «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болдум. Көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгом.

Залкар комузчулардын күүлөрүн жана элдик күүлөрдү чертем. Өзүмдүн 10дон ашык күүм бар. Обон-күүлөрүм кыргыз телерадионун «Алтын казынасына» жазылган. Уулум Бакыт Намазбеков менен кызым Айжан Намазбекова менин жолумду жолдоп, комуз чертүү менен ийгиликтерди жаратууда», - деди ал.

Аксакал буга катар эле, «Кыргыз маданиятынын эң мыкты кызматкери» деген наамдын ээси. 2018-жылы президент С.Жээнбековдун алкыш баракчасына ээ болду. Комузчу 1 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×