Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Баракелде

Түркияда кыргызстандык кызды зордуктаган киши 30 жылга кесилди

Turmush -  Түркиянын Сарыер аймагында 22 жаштагы кыргызстандык кызды зордуктоого жана аны тоноого шектелген адам 30 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Haberler.com кабарларды.

Маалыматка караганда, Стамбул шаарынын коопсуздук башкармалыгы Кыргызстандын E.A. аттуу жаранынан түшкөн арыздын негизинде териштирүү иштерин баштаган. Жабырлануучу 2017-жылдын 26-августунда белгисиз адам уюлдук телефонун тартып алып жана аны зордуктаганын билдирген.

Полиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн видеокамерага жазылган тасма боюнча аныкташкан. Соттолуучу Й.Фатих кыргызстандык студент кызды «Аязага» метросунун чыга беришинде токтотуп, «унчукпа, кыйкырсаң сени өлтүрөм» деп коркутуп, зордуктаган.

Сот отурумунда ал күнөөсүн мойнуна алган жок. Сот аны зордуктоо беренеси боюнча 18 жылга жана тоноо беренесинин негизинде 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1525
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×