Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Нарын

Айыл турмушу: Тойлордо ашпозчу болуп иштеген түймөчү М.Жаныбекованын эмгектери Германияга чейин сатылууда (фото)

Turmush -  

Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 35 жаштагы тургуну Мээрим Жаныбекова 4 жылдан бери түймө түйүп, буйрутма менен иштейт. Анын жасаган эмгектери Орусия, Германияга чейин сатылып, кардарлары күн санап көбөйүүдө. Түймөчүнүн кол эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, кошуналары түймөдөн түрдүү байпак кийип жүргөнүн көрүп, кол өнөрчүлүккө кызыгуусу арткан.

«Алгач мектепте окуп жүргөндө кол эмгек сабагынан сумка түйгөн элем. Кийин кошуналарымдын, тааныштарымдын түрдүү, кооз түйүлгөн байпак кийип жүргөнүн көрүп, кызыгуум арткан. Ошондон улам өзүмө, үй-бүлөмө жана туугандарыма ар кандай кийимдерди түйүп келсем, кийин буйрутма алып, эмгектеримди сатыкка чыгара баштаганыма 4 жылдын жүзү болуп калды. Учурда Жазира аттуу кошуна келин менен иштешип, экөөбүз эмгектерибизди көргөзмөлөргө алып барабыз жана буйрутма алып киреше табабыз. Буйрутма көп болгон учурда жолдошум тамак жасап, балдарыбызды карап жардам берип турат.

Көп учурда байпак, кичинекей балдардын көйнөгүн, топу, жемпир, юбка, баш кийим, чыптама түйөм. Эмгектерим 150 сомдон 2 миң сомго чейин бааланат», - деди ал.

Чебер айым мындан сырткары тойлордо салат жана кыздардын чачын жасап киреше табат.

«Кыз узатуу, келин алуу, тушоо кесүү жана башка тойлорго барып, көп кызмат кылабыз. Кара-Суу, Кара-Булуң айылдарына чейин барып, салаттын түрүн жана тамак-аш жасайм. Ошондой эле эркектердин жана аялдардын чачын кыркып, жасалгалап киреше табам. Чач кырктырганга мырзалар көп келсе, ал эми чач жасаганга «сеники арзан» деп эжелер жана окуучу кыздар көп келишет. Бул өнөрлөрдү интернеттен карап үйрөнүп, кошумча киреше таба баштадым десем жаңылышпайм. Алдыда түймө түйүүчү цех ачып, айылдагы келиндерге үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылайын деген оюм бар», - дейт ал.

Мээрим айым жолдошу Мырзабек Айдаров менен бирге түтүн булатып жашаганына быйыл 16 жылдын жүзү болгон.

«Нарын шаарында чоңойдум. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарынан кийим тигүүчү жайдан окуп келип, №15 «Алтын балалык» бала бакчада иштеп калдым. Ошол жерден жолдошум менен кесиптешим аркылуу таанышкам. Таанышкандын эртеси күнү эле жолдошум бала бакчага келип, «чарчадыңар сок, шоколад алып берейин» деп ала качып кеткен. Шоколад дагы жок, сок дагы жок отуруп калдым. Экөөбүздүн баш кошконубузга 16 жылдын жүзү болуп, учурда 1 уул, 3 кызды тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9120
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×